9-кызматтын жетекчиси болуп Токтосун Сабыров дайындалды

886

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жана аталган мекеменин 9-кызматынын жетекчиси болуп Токтосун Сабыров дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты Дамир Мусакеев жетектеп келген. Ал 4-апрель күнү кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын тактап айтканда, президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагаларынын коопсуздугун камсыздайт. Ошондой эле, стратегиялык обьекттерди кайтарат.