9-кызматынын жетекчиси Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду

1383

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, 9-кызматынын жетекчиси Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, УКМКнын 9-кызматы мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын, тактап айтканда президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун төрагаларынын коопсуздугун камсыздайт. Ошондой эле, стратегиялык обьекттерди да кайтарат.

Дамир Мусакеев 2016-жылы 9-кызматтын жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болуп келген.