9 миң сомдон сатылып алган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголду

1048

Ага ылайык, Бишкек шаарында отургузулган дарактардын көчөттөрүн сатып алуу боюнча “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине карата «коммерциялык жана башка ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Былтыр шаар бюджетинен көчөт сатып алууга 60 миллион сом каралып, анын негизинде 2 жеке компаниядан көчөттөр сатылып алынган. Быйыл жаз алды менен алар отургузулуп, бирок көп өтпөй көчөттөрдүн бир тобу куурап калганы белгилүү болгон. Буга нааразы болгон жарандык активисттер бул ишти тыкыр иликтеп чыгуу керектигин бир канча жолу айтып чыгышкан.

Учурда бул боюнча аудит жана тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы болсо 9 миң сомдук көчөттөр атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынганын билдирген.