9 миң сомдук көчөттөр боюнча кылмыш иши козголду (видео)

1513

УКМК Бишкекте тигилген кымбат көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат. Эске салсак, өткөн айда Бишкекте тигилген дарактын көчөттөрүнүн айрымдары 9 миң 90 сомдон сатылып алынганы ачыкка чыккан. Бул өз кезегинде экологдордун шектенүүсүн жаратып, алар укук коргоо органдарынан текшерүү жүргүзүүнү талап кылышкан эле. Учурда жарандык активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы, кымбат көчөттөрдөн тышкары, дарактарды кыюу сыяктуу фактыларды иликтөөнү талап кылышууда. Ошондой эле, бул маселени депутаттык комиссия да текшере баштаганы белгилүү болду.