94 жаштагы согуш ардагеринин эскерүүлөрү (видео)

1026

17 жашынан тарта фронтто замбиректин аткычы болуп кызмат өтөп, далай салгылаштарга катышкан Ысак Кубатов. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери учурда 94 жашта экенине карабай, күүлүү-күчтүү жана кан майданда жоокер жолдоштору менен ырдаган ырларды бүгүн да жатка билет. Убагында алардын үй-бүлөсүндөгү 4 эркек бир тууган согушка аттанып, алардын экөө кайтпай калган. Ысак Кубатов согуштан жарат алып, кичи мекени Ноокатка кайтып келип, өзү туулуп өскөн Ничке-Суу айылында көп жыл бою эмгектенген. Кези келгенде небере-чөбөрөлөрүнө фронтто башынан өткөн окуяларды айтып берет.