Көк-Бөрү чыры токтой элек (видео)

1262

Көк-Бөрүчүлөр Казакстан командасынан утулуп калгандан кийин, анын себебин саясатташтыргандар чыкты. Алсак, «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Астана шаарына кыргызстандык улакчыларды колдоп, аларга дем берүү максатында гана барган. Бирок бул тууралуу  бурмаланган маалыматтар таркады. Көк-Бөрү боюнча улуттук курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев депутат менен болгон кездешүүдө эмне тууралуу кеп болгонун айтып берди. Эске салсак, 27-августта Астанада кокпар боюнча дүйнө биринчилигинин финалдык мелдеши өткөн. Жыйынтыгында, казак улакчылары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алган.