Мирзиеев Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолукту

1137

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары уланууда. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана парламенттеги фракция лидерлери менен жолукту.

Анда тараптар эки өлкөнүн мамилеси жаны баскычка көтөрүлгөнүн белгилешти. Өзбек лидеринин айтымында, мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык байланыш 24 жыл мурда башталганы менен, азыркыга чейин чечилбеген маселелер көп. Аны жөнгө салууда парламенттердин ролу жогору.

Ошондой эле, Мирзиеев Кыргызстандын депутаттарын Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.