Дүйшөнбек Зилалиевдин аракети парламенттин отурумунда дагы айтылды
955
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин аракети парламенттин отурумунда дагы айтылды. Депутаттар аткаминердин кызматын пайдаланып үгүт жүргүзгөнүнө Башкы прокуратура укуктук баа бериши керек деген талап коюшту.
Бул боюнча «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев кайрылуу жасады. Анын билдирүүсүн башка эл өкүлдөрү дагы колдоп, аймактарда административдик ресурсту пайдалануу күчөп жатканын айтышты.
Президенттикке талапкерлерге тең шарттар түзүлбөй, жер-жерлерде муниципалдык кызматкерлерди мажбурлоолор болуп жатканы боюнча фактылар көп, дешет парламентарийлер. Алардын айтымында, мындай мыйзам бузууларга укук коргоо органдары тарабынан өз учурунда реакция жасалбай жатканы өкүнүчтүү.