Атамбаев: Чала молдолор жана аларды ээрчигендер көбөйдү (видео)

1131

Диний ураандарга жамынган экстремизм менен терроризмдин толкунун — мамлекетти бекемдөө, жеке маданиятты, тилди сактоо аркылуу гана токтотсо болот. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев «Ислам азыркы светтик мамлекетте» деген атылыштагы эл аралык конференциянын ачылышында айтты. Өлкө башчы динде таңуулоо, мажбурлоо жоктугун белгилеп, чала молдолор жана аларды ээрчигендер көбөйүп ислам динине көлөкө түшүрүп жатканын айтып өттү. Эртең аяктай турган иш-чарага 19 өлкөдөн келген ислам таануучулар, диний ишмерлер катышууда.