Чиновниктер жер жерлерде административдик ресурсту колдонууну улантышууда

711

Президенттик шайлоону өткөрүүгө тиешеси бар мамлекеттик органдар менен атка минерлер “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын кайрылуусуна кайдыгер мамиле кылышууда. Мындан улам, бийлик бутактарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгилеп коюу сунушталды.

Болбосо шайлоо боюнча конституциялык мыйзамды бузган жогорку кызматтагы чиновниктер жоопкерчиликти сезбей жер жерлерде административдик ресурсту колдонууну улантышууда. Эскерте кетсек, жакында эле жарандык кыймыл кичи мекендеринде үгүт иштери менен алектенип жүргөн аткаминерлердин тизмесин жарыялаган. Бирок БШКдагы, шайлоолорду уюштуруу боюнча республикалык штаб дагы үн каткан жок.

Ошондой эле, жарандык кыймылдын өкүлдөрүн белгилүү талапкерлердин сүйлөгөн сөздөрүн кескилеп, көбүртүп-жабыртып, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан улуттар аралык чагымчылыкка түрткөн материалдардын таратылышы дагы тынчсыздандырат.

Андан сырткары, бүгүнкү отурумда аксакал саясатчылар дин кызматкерлеринин шайлоого аралашышы, мыйзам бузган чиновниктердин жоопкерчиликке тартылбашы жана депутаттардын куугунтукталышы боюнча маселелерди көтөрүштү.