Үгүтчү: «Унааңа бангизат салып коебуз», деп коркутушкан (видео)

1190

Кечээ видеодо көрсөтмө берип жаткан адам бүгүн НТС телеканалынын Ош шаарындагы редакцияга кайрылып, ага карата катуу кысым болуп, тартип сакчылары «унааңа бангизат салып коебуз, жакшылап ойлонгун» деп коркутуп жатып, анын жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап, сөзүн телефонго жаздырып алышып, алдын ала жазылган арызга кол койдурушканын айтты. Ал коркутуп-үркүтүүгө чыдабай, ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы үгүтчүсү бүгүн да өз коопсуздугу үчүн кооптонуп жатыптыр.