Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташып бараткан троллейбус күйүп кетти (видео)

821

Бишкекте жүрүп бараткан троллейбус күйүп кетти. Окуя бүгүн эртең менен саат тогуздарда, Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Өрт зымдардын тийишүүсүнөн келип чыгышы мүмкүн, деп айтылууда. Айдоочу өз алдынча өчүрө албай, 101 кызматын чакырган. Бишкек Троллейбус башкармалыгынан кабарлашкандай, бул транспорттун каттамда жүргөнүнө 16 жылдан ашкан. Ал эми эксплуатация мөөнөтү болгону 10 жыл гана. Бирок коомдук транспорттун жетишсиздигинен оңдоп-түзөп линияга чыгарылып турат. Бүгүнкү күнү борбор калаада 104 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыйт.