Чек арадан улам БИШКЕК – АСТАНА айтышы күчөдү? (видео)

737

Расмий Бишкек Кыргызстан-Казакстан чек арасындагы абал боюнча Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна арызданды. Анда Казакстан аталган уюмдун тариф жана соода боюнча макулдашуусун бузду, деп жазылган. Мындан тышкары, Экономика министрлиги тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин кеңешине кат жолдонуп, кабыл алынган тартиптер аткарылбай жатканы айтылган. Бирок Казакстан тарап мындай дооматтарга кошулбайт. Кошуналардын айтымында, чек арада көзөмөлдү күчөтүү чечими — өлкөнүн экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргоо муктаждыгынан улам кабыл алынган. Ал ортодо, чек ара бекеттеринен өтө албай, кезек күткөн айдоочулардын чыдамы кете баштады.