Астана чет өлкөлүк жүк ташуучуларга көзөмөл күчөтүлгөнүн кабарлады

971

Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү министри Женис Касымбектин 17-октябрда журналисттерге билдиргенине караганда, Астана чет өлкөлүк жүк ташуучуларга көзөмөлдү күчөтүүдө. Мунун алкагында 2700 жүк ташуучу унаа текшерилип, 193 мыйзам бузуу аныкталган.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, мыйзам бузгандардын 60% кыргызстандык жүк ташуучулар. Текшерүү полиция, экономикалык жана мамлекеттик кирешени иликтөө органдары менен кошо, күнү-түнү жүргүзүлүп жатат деди министр.

10-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, казак тарапка өтүү татаалдаган. Жөө адамдардан тартып, жеңил, маршруттук каттамдагы жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсү оорлогон.

16-октябрда Кыргызстандан Казакстанга багытталган 202 тонна жашылча-жемиш «талапка жооп бербейт» деген жүйө менен артка кайтарылган. Андан тышкары, 27 тоннадан ашуун алма, курма, анар жана жүзүм зыянкеч курт бар деген себеп менен кармалганын Казакстандын расмий сайттары жазып чыгышты. Бул арада Казакстандын өзүндө жашылча-жемиштин баасы өсүп кеткени кабарланууда.