Казак элчилигинин алдында “кыргыз-казак бир тууган” акциясы өттү

1009

Кыргызстандагы Казакстандын элчилигин алдында чек арадагы кырдаалга байланыштуу тынчтык митинги өттү. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси уюштурган “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталган акцияда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасалды. Митинг катышуучулары Нурсултан Назарбаевге кайрылуу катын элчилиликтин кызматкерине тапшырышты.

Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашын бөгөп салганы белгилүү. Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек.