2 жеңил унаа жана 1 маршруттук такси сүзүшүп, 11 адам жабыркады

939

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Кант шаарына жакын тилкесинде, 2 жеңил унаа жана 1 маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы катталып, 11 адам жабыркады. Анда чакан автобус оодарылып кеткен.

Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлагандай, «Хонда Си-Эр-Ви» машинасында бара жаткан айдоочу унаасын башкара албай калып, «Мерседес-Бенц» жана «Тойота Эстима» автомобилдерин сүзгөн.

Мындан тышкары, бүгүн Ош-Бишкек автожолунун 403-чакырымында күйүүчү май ташыган автоцистерна оодарылып кетип, 40 тонна күйүүчү май жолго төгүлгөнү белгилүү болду. Тартип сакчылардын айтымында, айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып, чукул кайрылышта машинаны башкара албай калып, жол жээгине чыгып барып, оодарылган.

Бул боюнча жеринде Кара-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп, коопсуздук үчүн жолду эки тарабынан убактылуу жабышкан.