500 окуучунун өмүрүнө коркунуч жараткан мектеп (видео)

944

500 окуучунун өмүрүнө коркунуч жараткан авариялык абалдагы мектеп. Ош областынын Алай районундагы Жаңы-Алай айлындагы жападан жалгыз окуу жайынын абалы 9 жыл мурда эле өтө кооптуу деп табылган. Анын имараты 70-жылдары малчыларга жатакана катары салынып, кийин мектепке айланган. 2 жыл мурда авариялык мектептин ордуна жаңы имарат тургузуу демилгеси көтөрүлүп, баштапкы иштерге 3 миллион сом бөлүнгөн. Анын котлованы казылып, бирок андан бери иш ордунан жыла элек. Кийинки жылы бул курулушка каражат бөлүнбөсө, окуучуларды эски имаратта окутуу өтө эле кооптуу болуп калат, дешет мугалимдер менен ата-энелер.