Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Россияга барат

818

Сооронбай Жээнбеков президент катары биринчи жумушчу сапары менен эртең Россияга барат. Москва шаарында Владимир Путин жана Дмитрий Медведев менен жолугушат.

Ал эми 30-ноябрда андан ары Минскке жөнөп кетет. Ал жакта Сооронбай Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитине катышат. Анын алкагында эки тараптуу жолугушуулар пландалган эмес.

ЖККУнын жыйынында мамлекет башчылары эл аралык коопсуздук маселеси боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасайт деп күтүлүүдө.