Жол инспекторлорун видеого тарткандар жоопко тартылат (видео)
776
Эми жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди видеого тартып, аны интернетке уруксатсыз жарыялагандар сот жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Тартип сакчыларынын айтымында, интернет колдонуучулар мындай аракеттери менен инспекторлордун аброюна шек келтиришүүдө. Андыктан видеону интернетке жарыялоонун алдында эми тасманы Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчилигине көрсөтүү керек экен. Бирок юристтер бул талаптын иш жүзүндө аткарылаарынан күмөн санап жатышат. Себеби тасманы ким жарыялаганын териштирип отуруу көп жумушту жана убакытты талап кылат. Экинчиден, бул өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет экен.