Пенсияга чыгуунун шарттары жеңилдетилеби? (видео)

1087

Пенсияга чыгуунун жол-жобосу онойлоштурулат. Жогорку Кенеште бул жааттагы мыйзам долбоору депутаттардын сынына коюлду. Ага ылайык, ардагер куракка келип калган жаран Социалдык фондго 3 гана документ алып барат. Калган маалыматтарды жыйноо аталган мекеменин мойнуна жүктөлөт. Эл өкүлдөрү бул документ замандын талабы экенин белгилешип, татаал процедураны жөнөкөйлөштүргөн демилгени колдошту. Ошол эле маалда, мындай сунушка Социалдык фонд даярбы деген суроо жаралат. Анткени бул мекеме жылына пенсия курагына жеткен 20 миң адамды кошумча тейлегенге туура келет.