Окуучуларга каникул бир жумага узарат (видео)
1188
Катуу суукка байланыштуу өлкө боюнча мектептерде каникул 3-февралга чейин узартылды. Мындай чечим Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынды. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору билим берүү жайларында жылуулук нормасы талапка туура келгенге чейин окууну баштабай туруу керек деген эскертүү жиберген. Аба ырайы кескин сууктаганына байланыштуу өлкөдө мектеп окуучулары 26-январдан 31-не чейин таркатылган. Эми бул мөөнөт дагы төрт күнгө узартылды. Себеби мектептерде мониторинг жүргүзүлгөндө, билим берүү мекемелеринин дээрлик 80 пайызында температура нормадан төмөн экени аныкталган. Талапка ылайык, мектептерде жылуулук 17-22, ал эми бала бакчаларда 19-23 градустун тегерегинде болууга тийиш.