Кызылча менен ооругандардын саны көбөйүүдө (видео)

817

Бишкекте кызылча илдетинен жабыркагандардын саны 27 адамга жетти. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады. Адистердин айтымында, жугуштуу илдетти тараткандар Россиядан келишкен. Жаш келин кызылча оорусуна кабылган эки кичинекей баласы менен Москвадан Бишкекке учуп келип, алардан бул илдет башка туугандарыныкына жуккан. Адистердин айтымында, кызылча аба аркылуу тараган илдет болгондуктан, башкаларга оңой эле жугуп, оору дароо өрчүп кетет. Андыктан наристелерди бул илдеттен сактоо үчүн, оз убагында эмдөө зарыл, дешет ак халатчандар. Бирок айрым учурларда ата-энелер балдарын атайын эле эмдетпей коюшууда. Кызылча илдетинен кантип сактануу керек?