Маршруткалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 2 эсеге өстү

732

Былтыр Бишкек шаарында коомдук транспорттун катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын саны 2 эсеге өстү. Бул тууралуу шаардык мэриянын коллегиясында белгилүү болду. Ага ылайык, былтыр 12 ай аралыгында баш калаада 2 миң 268 жол кырсыгы катталган.

Бул 2016-жылга салыштырмалуу 1 миң аварияга көп. Коомдук транспорттордун катышуусу менен 252 жол кырсыгы катталып, андан 2 адам набыт болуп, 408 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Ошондой эле, соттун чечими менен 1200 адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.