Мамлекеттик менчикти уурдагандар социалдык кепилдиктерден ажыратылат

786

Коррупцияга аралашып, мамлекеттик менчикти уурдагандар мамлекет тарабынан берилген бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден ажыратылат. Аны менен бирге мындай кылмыштарга айыпталгандар иштен бошотулуп гана жоопкерчиликтен кутулбастан, сөзсүз түрдө юридикалык баа берилет.

Мындан тышкары, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, тергөө башталган учурда соттун чечими чыкканга чейин алар айлык ала алышпайт жана кызматтан токтоосуз четтетилет. Ал эми күнөөсү далилденгендерге үй-мүлкүн конфискациялап, эркиндигинен ажыраткан гана жазалар колдонулат.

Буга байланыштуу мыйзамдар ушул жылдын 1-июнуна чейин кабыл алынышы керек. Жогорку сот болсо, коррупцияга байланыштуу кылмыштар боюнча чыккан актоо өкүмдөрүнө, кыскартылган же токтотулган иштерге талдоо жүргүзүшү шарт.

Ал эми Башкы прокуратура кызматтык, экономикалык жана менчикти уурдоо чөйрөсүндөгү кылмыш иштерин инвентаризациялап, негизсиз токтотуунун, кыскартуунун жана мөөнөтүн создуктуруунун себептерин аныктайт.

Мындай чаралар Коопсуздук кеңешинин чечиминде камтылып, ага кечээ президент кол койду.