Абанын тазалыгын текшерүү үчүн көчөлөргө атайын баннерлер илинди

905

Бул демилге жаштардын экологиялык кыймылына таандык. Алар шаардын көчөлөрүнө ак кездемелерге «Бишкектин абасы» деп жазылган такталарды илишти.

Уюмдун өкүлдөрү мындай эксперимент менен борбор калаада аба канчалык булганганын текшерүүнү көздөп жатышат. Эгер аба өтө кир болсо, ак кездеме бат эле карарып калат, дешет жаш экологтор.

Эксперименттин жыйынтыгына жараша алар өкмөткө сунуштар менен кайрылышат.