Иштамберди кенинен өз алдынча алтын казган тургундар суракка алынууда

921

Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинен өз алдынча алтын казган жергиликтүү тургундар суракка алынууда. Жалал-Абад областтык милицияга кен иштетип жаткан компаниянын жетекчилиги арыз менен кайрылып, Кызыл-Токой айылынын элүүгө чукул жашоочусу Горный шахтасына өзүм билемдик менен кирип, кен казып кеткенин айткан.

Учурда ошол тургундардын автоунаалары атайын жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүлөр канча тонна кен казып кеткени такталууда. Шахта азыр милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынды.

Иштамберди алтын кенин кытайлык компания иштетип келет.