8 үйдү ижарага алып, сатып жиберген шылуундар (видео)
841
Шылуундардан турган топ 8 үй-бүлөнү сызга отургузуп, миллиондогон сом зыян келтирди. Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы Бишкек жана Токмок шаарында алдамчылык жолу менен квартираларды сатып жүргөн банданы кармады. Үч адамдан турган кылмыштуу топ документтерди жасалмалоо жолу менен ээси бар батирлерди соодалап келишкен. Айрым үйлөр 3-4 жолу колдон-колго өтүп кеткен. Бандага мамлекеттик органдар көмөктөшкөнбү учурда текшерилип жатат. Шылуундарга ири суммадагы каражатын алдатып жибергендер эми акчадан да, турак жайдан да куру калышы мүмкүн. Анткени сот чечимди үйдүн чыныгы ээлеринин пайдасына чыгарышы ыктымал.