Бокоев: Өлкөдө бардык жетекчилердин жарандыгы текшерилиши керек

819

Мындай сунуш бүгүн парламентте көтөрүлдү. Депутат Кенжебек Бокоев Казакстанда контрабандага айыпталып кармалган Дамирбек Асылбек уулу боюнча маселени Жогорку Кеңеште карап, Тышкы иштер министрлигинин, УКМКнын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилерин чакырууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, парламентарий кош жарандуулукка ээ деген маалымат чыккан соң коомчулукта көп суроолор жаралууда. Мунун чын төгүнүн тактоо керек, дейт депутаттар.

Ошондой эле, жогорку кызматтагы башка жетекчилерди да текшертүү керек деген пикирлер айтылды. Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча маалымат топтолуп жатканын, жакынкы күндөрү жалпы отурумда каралат деп билдирди.