Ош базарында кайрадан өрт чыгып, соода жайынын миң чарчы метри күйүп кетти

735

Кечээ түнү Бишкектеги Ош базарында кайрадан өрт чыгып, соода жайында миң чарчы метр күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, өрт 3 сааттан кийин, түн ортосунда толук өчүрүлгөн.

Адистердин айтымында, азырынча кырсыктын себептери белгисиз. Учурда атайын лабораториялык иликтөөлөр жүрүп жатат. Өрттө бир адам жеңил жараты менен ооруканага кайрылганы белгилүү болду. Башка жабыркагандар жок.

Эске салсак, быйыл 30-январда Ош базарынын ушул эле бөлүгүн жалын каптап, 118 соода орду толугу менен күйүп кеткен. Анын кесепетинен соодагерлер миллиондогон чыгымдарга учурашты.