Тараза көзөмөл пунктунда дагы мыйзам бузуулар аныкталды

1435

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы «Арал» постунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганын таап чыккан.

Алсак, акыркы эки айда Арал тараза көзөмөл пунктунан өткөн көмүр ташыган унаалар кайрадан текшерилгенде, алардын салмагы чектен 43 тоннага чейин ашканына карабай кое берилгени аныкталган. Бул үчүн айдоочулар мамлекетке эч кандай айып пул төлөгөн эмес. Анын кесепетинен бюджетке 300 миң сом зыян келтирилгени эсептелген.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Эскерте кетсек, өткөн аптада дагы Ош областындагы тараза көзөмөл пункттарында так ушундай эле мыйзам бузуулар катталып, бир катар жетекчилерге карата кылмыш иши козголгон.