Токтотулган кылмыш иштери кайрадан тергеле баштады (видео)

763

Коррупция, экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча токтотулган иштер кайрадан тергеле баштады. Улуттук коопсуздук комитети 2-3 жыл мурда токтоп калган же кыскартылган иштерге байланыштуу айыпталуучуларды суракка чакырууда. Жакында эле мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев УКМКга барып, эки саат бою тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Эми кылмыш иштери кыскартылган же токтотулган мурдагы жана азыркы депутат, министрлер дагы суракка чакырылышы мүмкүн. Эскерте кетсек, президенттин тапшырмасы менен акыркы жылдары жабылган кылмыш досьелери иликтенүүдө. Кимдер УКМКга кайрадан чакырылышы ыктымал?