Жогорку Кенеште саясий абал чыңала баштадыбы? (видео)

1471

Парламентте саясий абал чыңала баштадыбы? Айрым маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн коалициясы ыдырашы мүмкүн. Бир фракция саясий альянстын курамынан чыгаары айтылууда. Депутаттар өздөрү деле бул маалыматты четке кагышкан жок. Кырдаалга жараша саясий абал кескин өзгөрүүсү ыктымал, дешет эл өкүлдөрү. Бирок коалиция ыдыраса, жаңы бирикмеге кайсы фракциялар кирет, өкмөттүн курамы толугу менен алмашабы, жаңы төрага шайланабы деген суроолор азырынча жоопсуз калууда. Ал арада парламенттеги оппозициялык эң ири фракцияда өзгөрүү болуп, анын жетекчиси алмаштырылды.