Жаңылыктар / 13.04.18 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

741

Ош базарын кайрадан жалын каптады. Миңдеген соодагерди сызга отургузган өрттү бирөөлөр атайылап уюштурганы айтылууда. Ал арада Ош базарын көчүрүү маселеси көтөрүлө баштады.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстандан көп нерселерди үйрөнүү керектигин айтты. Президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселге болгон иш сапары жакшы маанайда жыйынтыкталды.

Кулчулуктун курмандыктары. Аравандык бир үй-бүлө Россияда 8 ай бою жердешинин запкысын көргөн. Азаптан кутулганы менен, айылдашы жоопко тартылбай калды.

Шахматчылардын үй-бүлөсүнүн кезектеги жеңиши. Бир тууган спортчулар Тайландда өткөн Азия чемпионатын багындырып келишти.