Парламенттик оппозиция өкмөттүн ишине канааттанган жок

732

Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп чыгышты.

Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, «Акылдуу шаар» долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Натыйжада парламенттеги оппозициялык азчылык өкмөттүн 2017-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.