Театрды оңдоого бөлүнгөн 60 миллион кайда кетти? (видео)

983

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын чатырына коюлган жаңы айкелдердин сапаты сынга алынууда. Былтыр күзүндө эле оңдолгон театрдын үстүндөгү статуялардын сыры кетип, алды сыйрылып түшө баштаган. Муну жарандык активисттер социалдык баракчага жайгаштырып, айкелдерди оңдоо иштери начар жүргүзүлгөн деп баалашууда. Ал эми маданият жайдын жетекчилиги реставраторлор мүчүлүштүктөрдү жоет, деп ишендирүүдө.