Тендер өткөрүүдөгү теңсиздикке качан бөгөт коюлат? (видео)

962

Мамлекеттик сатып алууларда өөнөлгөн акчаны кантип сактап калуу керек? Тендер өткөрүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн депутаттар демилге көтөрүп жатышат. Буга байланыштуу эл өкүлү Марлен Маматалиев мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анда тендерде кызматтын же ошол сатылып алына турган товардын баасын жашыруу сунушталууда. Бул аркылуу мамлекеттик орган менен сынакка катышчу компаниянын ортосунда алдын-ала сүйлөшүп алып, артыкчылык берүү көрүнүшүн болтурбоого жол ачылат экен. Антпесе сатып алууларда бюджеттик каражаттын он пайызынын дайыны жок, дешет адистер.