Сузакта жер көчкү жүрүп Көк-Арт дарыясын бөгөп калды

1378

Сузактагы Сары-Булак айылынын жанында өткөн түндө жер көчкү жүрүп, ал Көк-Арт дарыясын бөгөп калды. Анын көлөмү 1 миллион 200 кубду түзөт. Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Бүгүн таңга маал дарыя өз нугуна түшүп, жер көчкү болгон жерден кайрадан суу ага баштаган.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү учурда тургундар үчүн эч кандай коркунуч жок экенин билдиришүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Көк-Арт дарыясы өз нугунан чыгып кетпеши үчүн кооптуу жерлер техника менен камсыздалып, жарандык коргонуу комиссиясы абалды көзөмөлдөп турат.

Учурда дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарды эвакуациялоо маселеси каралууда. Айрым маалыматтар боюнча, кооптуу аймакта жашаган бир нече айылдын тургундары көчүүдөн баш тартып жатышыптыр. Бирок алар мажбурлап эвакуацияланат, дейт Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев.