Акимдерге жоопкерчилик жүктөп, кеңири укук берүү керек (видео)

1414

Райондордун акимдерине жоопкерчилик жүктөө менен бирге кеңири укук да берүү керек. Мындай пикирин эл өкүлдөрү айтышууда. Алар бул багыттагы мыйзам долбоорун кечээ күнү коомдук талкууга чыгарышты. Анда райондун акимдерине мекеме жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү бериле турганы жазылган. Ошондой эле, райондук администрация башчыларына айыл өкмөттөрдү кызматтан кетирүү укугу берилет экен. Бул сунуш эксперттик чөйрөдө ар кандайча кабыл алынууда. Алар укукту гана берип койбой, акимдердин кесиптик деңгээлин да көтөрүү керек дешет.