Жаштар кыз ала качууну токтотууга үндөштү! (видео)

1474

Жаштар ала качууга каршы! Бүгүн Бишкекте ушундай аталыштагы флешмоб өткөрүлдү. Иш-чара «Ала-Тоо» аянтында болуп, ага Бишкектин кесиптик лицей, колледж жана жогоркуу окуу жайларынын жүздөгөн студенттери катышышты. Чогулган жаштарды бир ой бириктирип, алар коомчулукка, ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга жана кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлабоого үндөштү. Акция Билим берүү жана илим министрлиги, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле «Enactus» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Мындай флеш-мобду уюштурууга ала качууга дуушар болгон 19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү себеп болду.