Жемкорлордун тизмеси түзүлөт (видео)

733

Коррупционерлердин бары бир тизмеде! Башкы прокуратура жемкорлукка шектелгендердин маалыматтык базасын түздү. Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, ал реестрде экономикалык кылмыштарга барып, мамлекеттик каражатты кымырып алган кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар топтолот. Бирдиктүү маалыматтык базага соңку 20 жыл аралыгында коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу беренелер менен соттолгон адамдардын аты-жөнү киргизилет. Коррупционерлердин тизмесин түзүү кандай натыйжа бериши мүмкүн?