Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары Чолпон-Атада жолугушту

584

Өткөн ишембиде Чолпон-Ата шаарында Тажикстан жана Кыргызстан тышкы иштер министрлери – Сироджиддин Мухриддин менен Эрлан Абдылдаев жолугушту. Тажикстан ТИМи билдиргендей, 21-июлдагы кездешүү Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алкагында өткөн.

Жолугушуу учурунда эки тараптуу мамилелер, саясат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуулардын мындан аркы келечеги талкууланды.

Терроризм жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү, чек араларды делимитациялоо жараянын тездетүү, суу-энергетикалык маселелерди чечүү, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү жагдайлары боюнча пикир алышты.

Эки өлкө министрлери президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылы февралда Тажикстанга болгон сапары учурунда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгилешти.