Бишкек мэрлигине Алтынай Өмүрбекованын талапкерлиги сунушталууда

1098

Калаа башчылыкка татыктуу талапкер катары вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын ысмы аталып жатат. Ал бул орунга альтернативдүү талапкер болду. Социалдык тармакта кечээ кечинде башталган акция бүгүн күч алып, талкууланып жатат. Катардагы жарандардан баштап, депутаттарга чейин Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын мэрлигине татыктуу талапкер экенин жазышууда.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция шаар башчылыгына Азиз Суракматовду бирдиктүү талапкер катары сунуш кылды. Мындай чечим КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракцияларынан турган көпчүлүк коалициянын жабык жыйынында кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Азиз Суракматов буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп, андан мурун шаардын архитектура тармагын жетектеп келген.

Өз кезегинде , айтылган кандидатура тууралуу пикирлер бир кылка эмес экендиги билинди. Жарандык активисттер анын курулуш компаниясына байланыштуу ызы-чуу чыккан учурлар болгонун эске салып, мындай адамдын шаар башчылыгына келиши бийликтин аброюна доо кетире турганын белгилешсе, айрымдар шаарды өркүндөтүүгө күчү жетээрин билдиришүүдө.