Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы өкүлү дайындалды

1114

Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ кол койгон, ал эми бүгүн жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.

Ош областынын Ноокат районунда туулган Акылбек Осмоналиев буга чейин президент менен өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп иштеп турган. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Улуттук статистика комитетинин төрагалыгын аркалаган.

Ысык-Көл областынын мурунку башчысы Узарбек Жылкыбаев 25-июлда Ош областына ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалган.