Гуревич кыргыз өкмөтү менен соодалашууга өттүбү? (видео)

868

Максим Бакиевдин мурдагы финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич кыргыз өкмөтү менен соодалашып жатабы? Эске салсак, бир апта мурда Гуревич «Азаттык» радиосуна интервью берип, анда ал Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин айткан. Адистер болсо муну мурдагы финансылык кеңешчинин атайын амалы экенин айтышууда. Бул үчүн ал өзүнө тагылган бардык айыптардын алынып салынышын талап кылып жатыптыр.

Ал арада, 3 жыл мурда Америка Кошмо штаттарында түрмөдө отурган Гуревич менен Башкы прокуратуранын кайсы кызматкерлери жолугуп келген, деген суроо да кызыгууну жаратууда. Айрым маалымат булактарында алардын арасында ошол убактагы башкы прокурор Аида Салянова да болгону айтылып кеткен.