15-сентябрь — бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү

2730

Анда дүйнөнүн 157 өлкөсүнүн жашоочулары ишембиликке чыгып, өздөрү жашаган аймакты, көчөлөрдү тазалашат. Кыргызстан да бул иш-чарага кошулганы турат. Эртең республикалык денгээлде акция өтүп, анда сейил бактары, суу жээктери, токойлор жана коомдук жайлар тазаланат.

«Дүйнөнү тазалайбыз» деген ураан менен өткөнү жаткан бул ишке көптөгөн ыктыярчылар тартылганы турат. Негизги максат табияттын тазалыгына көңүл бурдуруу. Волонтерлер эртең жок дегенде өлкөнүн жашоочуларынын 5 пайызы, тактап айтканда 300 миң адам айлана-чөйрөнү тазалоого салым кошот деп үмүт кылышууда.

Ошондой эле эртең Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү дагы ишембиликке чыгары күтүлүп жатат.