Өкмөттүн курамы жаңы мүчөлөр менен толукталышы мүмкүн

683

Эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 3 жаңы жетекчинин талапкерлиги каралат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Аппаратынын башчылыгына Шамилбек Асымбековду сунуштады.

Белгилей кетсек, өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов 8-августта кызматынан кеткенден бери бул орун бош турган. Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Эмил Осмонбетов сунушталууда.

10 күн мурда бул комитеттин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов кызматынан бошотулган. Ошондой эле бир айдан ашуун убакыттан бери жетекчисиз турган Юстиция министрлигине Марат Жаманкулов келиши мүмкүн. Буга чейин мекемени жетектеп келген Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан алынган.