«Эйр Кыргызстанды» Кытайга сатуу сунушталууда (видео)

728

Жалгыз мамлекеттик авиакомпания болгон «Эйр Кыргызстанды» Кытайга сатуу сунушталууда. Бул маселе парламенттин тармактык комитетинде талкууланды. Учурда «Эйр Кыргызстандын» бир дагы учагы аба каттамына чыкпай калганын айткан депутаттар, компанияны жеке инвесторго сатууну колдоп жатышат.

Эгерде кошуна өлкө авиакомпанияны сатып алса, 5 жыл аралыгында анын карамагында ондон ашуун учак пайда болушу мүмкүн, дешет эл өкүлдөрү. Бирок транспорт министри Жамшитбек Калилов «Эйр Кыргызстан» стратегиялык объект болгондуктан буга мыйзам жол бербей турганын билдирди.