Бишкекте 2 күндө 140тан ашуун авариялык өчүрүү катталды (видео)

776

Алгачкы кар жаап, аба-ырайы кескин суукташы менен, электр кубатын керектөө жогорулап, авариялык өчүрүүлөр көбөйдү. Мисалы, Бишкек шаары боюнча эле акыркы эки күндө 140тан ашуун авариялык өчүрүү катталды. Түндүк электр ишканасынан билдиришкендей, бул күндөрү баш калаа тургундары 13 миллион киловатт саат электр энергиясын сарптап жиберишкен.

Бул көрсөткүч кадимки ченемден эки эсеге көп болгондуктан, электр тармактарына күч келип кабелдер ашыкча чыңалууга туруштук бере албай калды. Учурда электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган Бишкектин райондорунда кабелдерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.