9 айда Кыргызстанда 380 781 чет элдик жаран каттоого алынган

685

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда  тогуз айда Кыргызстанда 380 781 чет элдик жаран каттоого алынган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 160 миңге көп. Каттоого алынгандардын ичинен 18 354ү — Кытайдын жарандары.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыккан.

Ал эми Миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда иштөө үчүн 91 өлкөнүн жарандары уруксат кагазын алышкан. 2018-жылы кыргыз өкмөтү 16 490 чет элдик адиске квота бөлсө, бүгүнкү күнгө чейин анын 74% берилди.

Тогуз айда чет элдик жарандарга Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат документтерин бергени үчүн республикалык бюджетке 43 млн. сом түшкөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.