Тез жардам кызматкерин сабаган киши мас абалында болгон (видео)
935
Тез жардам кызматынын дарыгерине кол котөрүү фактысы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. Өткөн дүйшөмбүдө Калыс-Ордо жаңы конушунан чакыруу түшүп, ал жакка алгачкы жардам көрсөтүүгө барган фельдшер бейтаптын күйөөсүнөн жеме угуп, коркутуп-үркүтүүгө кабылган.
Бул чатак кол көтөрүүгө чейин жетип, дарыгердин кийими айрылып, манжалары жана көкүрөгү жабыркаган. Кийинчерээк фельдшерге кол көтөргөн адам мас абалында болгону аныкталган. Учурда бул боюнча экспертиза жүргүзүлүп, тергөө жүрүп жатат.